Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022 – жылдын 31 – майындагы №291 Токтому менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык Москва райондук мамлекеттик администрациясынын буюрмасы менен бекитилген комиссия бүгүн 28 – мартта Москва районуна караштуу Александровка айыл аймагынын Беш - Көрүк айылын кыдыруу иш - чараларын аткарышты.