Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы: Султаналиев Нурлан Ахматовичтин куттуктоосу:
Урматтуу Александровка айыл аймагынын тургундары! Сиздерди 23-сентябрь "Мамлекеттик тил күнү менен"куттуктайм. Улут уңгусу болгон кыргыз тили – кыргыз эли үчүн баа жеткис байлык болуп саналат. Ааламга аты чыккан "Манас" эпосу жазылган кыргыз тили чындыгында бай жана байыркы тилдердин бири.
Мамлекет – улуттун өз тили, өз аймагы, ички биримдиги болгондо гана мамлекет боло алат. Ошондуктан, тилибизди, дилибизди таза жана бекем сактайлы!
Кыргыз тили – кылымдарды карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.