Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык с

13 Ноября 2023

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтү  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Конкурс 2023-жылдын 13-ноябрынан баштап, 22-ноябрына чейин өткөрүлөт.

Москва  районунун Александровка айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

— административдик муниципалдык кызмат орунунун башкы тобуна резервке;

— административдик муниципалдык кызмат орунунун улук тобуна резервке;

— административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна резервке.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү

 квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок;

Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө:   Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы
 Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
 Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын нормативдүү-укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,
“Коррупцияга каршы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартында №120- токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын алып баруу типтүү инструкциясы

 

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын билүүсү;

 

Административдик муниципалдык башкы кызмат тобунун квалификациялык талаптар

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Профессионалдык компетенциясы

— билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын сот аксакалдары жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын тынч чогулуштар жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамын билүү зарыл.
билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик муниципалдык башкы кызмат тобунун квалификациялык талаптар

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы

№184 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобо;

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жыдын

3-мартында №120 Токтому;

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптары:

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин; Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Кыргз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү райондук администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын билүү

 

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Киреше боюнча адиси К—Б) – 1 бирдик.

Кесиптик билимдин деңгээли:

— Экономика жана башкаруу, финансы, салык салуу жана юриспруденция жаатындагы жогорку же орто кесиптик билими;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик, Салык Кодекстери, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана  /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер «Конкурска» деп  жазуусу бар папкада  жөнөтүлүшү керек.

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 13-ноябрынан 22-ноябрына чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы, Фрунзе көчөсү №84, Александровка  айыл өкмөтүнүн имараты.

Сурап билүү телефондор: (03131) 69-9-96; 0550 327887.