Александровка айыл өкмөтү административдик кызмат орундарын толуктоо максатында ички резервке башкы кызмат орду, улук кызмат орду жана кенже кызмат орду боюнча ачык сынак жарыялады.

14 Марта 2023

     Александровка айыл өкмөтү  административдик кызмат орундарын толуктоо максатында ички резервке башкы кызмат орду, улук кызмат орду жана кенже кызмат орду боюнча ачык сынак жарыялана турганын билдирет. Ушуга байланыштуу ачык конкурс жарыяланып, кулактандыруу Александровка айыл өкмөтүнүн сайтына 2023-жылдын 14 –  мартында  жарыяланды.

     Александровка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин расмий сайтына төмөнкү жарыяны жайгаштырып койууңузду суранат:

     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамына ылайык, Александровка айыл өкмөтүнүн ички резервине башкы кызмат орду, улук кызмат орду жана кенже кызмат орду боюнча 2023-жылдын 15-мартынан баштап,  ачык сынак жарыяланат.   Ачык сынакка катышууга төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: өздүк арыз, билими тууралуу диплом ( нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), өмүр баян, резюме, паспорттун көчүрмөсү, эмгек китепчеси (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү).

    Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн ичинде кабыл алынат. Суроолор боюнча кайрылуу дареги: Москва району, Александровка айылы,  Фрунзе көчөсү № 84, тел.:03131 6-99-96

 Квалификациялык талаптар:

 Кесиптик билимдин деңгээли:  башкы жана улук кызмат ордуна - жогорку  билим, кенже кызмат ордуна – жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы: 

башкы кызмат ордуна - мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
улук кызмат ордуна - мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
кенже кызмат ордуна иш стажысына талаптар коюлбайт.

Башкы кызмат ордуна төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнундөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
 “Кыргыз Республикасынын нормативдүү-укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү жана өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;  
“Коррупцияга каршы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын3-мартында №120- токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын алып баруу типтүү инструкциясын (негизги тест боюнча).

     Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын сот аксакалдары жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын тынч чогулуштар жөнүндөгү мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамын билүү зарыл.

 

Улук кызмат ордуна төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
 Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
“Кыргыз Республикасынын нормативдүү-укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,
“Коррупцияга каршы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын3-мартында №120- токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын алып баруу типтүү инструкциясы (негизги тест боюнча).

          Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү” токтомун, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндөгү” 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 жобосун (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №558 Жарлыгы менен), Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндөгү” жобону билүү.
 

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүү.

Кенже кызмат ордуна төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Андан тышкары, “Тынч чогулуштар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 23-майындагы № 64 мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын билүү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык азыктарды колдоно билүүсү зарыл.