Кыргыз Республикасынын аймагында "Түндүк" мобилдик тиркемесин колдонуу киргизилүүдө.

16 Декабря 2022

Кыргыз Республикасынын аймагында "Түндүк" мобилдик тиркемесин колдонуу киргизилүүдө.

Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдалануу киргизилүүдө. Документтерди санариптик форматта берүү үчүн программалык камсыздоо катары "Түндүк" мобилдик тиркемесин колдонуу киргизилүүдө. "Түндүк" мобилдик тиркемеси-мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле электрондук формадагы сервистерди камсыз кылуучу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо (Apple App Store же Play Store көчүрүп алса болот).
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же санариптик форматтагы "Түндүк" мобилдик тиркемеси тарабынан берилген документтер өз колу менен коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаздагы документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Улуттук паспорт, жарандын идентификациялык картасы, айдоочунун күбөлүгү, жарандык абалдын актылары (туулгандыгы, никеге турушу, никенин бузулушу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү) Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү юридикалык күчкө ээ жана кагаз форматындагы документтерге барабар болуп саналат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу кесиптештер, Александровка айыл аймагынын жашоочулары жана биздин башкы жардамчыларыбыз, көчө комитеттеринин төрагалары, сиздерди жайылтууга көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз, ошондой эле жогоруда аталган маалыматты социалдык тармактардагы баракчаларыңыздарга жайгаштыруу колдоого алынат. Кызматкерлерден өз ыйгарым укуктарынын чегинде кайрылган ар бир жаранга түшүндүрүү жана маалымат берүү боюнча жардам көрсөтүүсүн өтүнөм.